Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:11

АКШ өкмөтү Кыргызстандын медициналык мекемелерине гуманитардык жардам берет


Бүгүн америкалык “Прожект ХОУП” кайрымдуулук уюму аркылуу Бишкек шаарынын, Чүй, Ош облустарынын медициналык мекемелерине жалпы суммасы 4 млн. 334 миң 488 долларлык гуманитардык жардам өткөрүлүп берилет.

Гуманитардык жардам АКШнын Мамлекеттик департаментинин “Үмүт операциясы” программасынын алкагында берилет жана белгилүү фармацевтикалык компаниялар белек кылган дары-дармектен жана медициналык жабдыктардан турат.

20 000ден ашуун бейтаптар медициналык жабдыктар жана дары каражаттары түрүндө сапаттуу медициналык жардам алышат. Аталган дары-дармектерди жүрөк, шишик онкология, кант диабет жана глаукома ооруларына дуушар болгондор акысыз алып дарылана алышат. Гуманитардык жардам Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашылган бөлүштүрүү планына ылайык медициналык мекемелердин керектөөлөрүнө жана суроо-талаптарына жараша бөлүштүрүлөт деп маалымдайт АКШнын Кыргызстандагы элчилиги. (ZKo)

XS
SM
MD
LG