Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:40

Мамытовдун баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды


Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытовдун баш коргоо чарасы ошо бойдон калды. Бүгүн Жогорку Сотто ушундай чечим кабыл алынганын "Азаттыкка" Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев билдирди.

3-октябрда Бишкекте бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен камалган депутат учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. Аны эки айга камаш керек деген чечимин Бишкектин Биринчи Май райондук соту 5-октябрда чыгарган. Бирок буга макул болбогон адвокат аны үй камагына чыгарып бергиле деп шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ушундай эле айып менен УКМКнын тергөө абагында "Ата-Журт" партиясынан дагы эки депутат - Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров да жатат. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG