Бишкектин унаа жолдорундагы кыймыл эң көп делген көчө кесилиштеринин бирине заманбап светофор орнотулду. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган светофор жашыл жана кызыл жарыктын күйүшүн өзү жөнгө салат. Мисалы, ошол кесилишке канча унаа келип топтолгонун атайын аппарат карап турат. Эгер көп машина топтолсо, жашыл жарыктын күйүшү бир аз узартылат. Ал эми унаа дээрлик жок болсо, жалпы кыймылга тоскоолдук жаратпаш үчүн жашыл бир аз кыскартылат. (RK)