Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:16

Өз сайты жок ММКлар эми интернетке чыга алат


Кыргызстанда өз сайты жок жалпыга маалымдоо каражаттары эми интернетке чыга алат. Буга жаңы ачылган www.dem.kg сайты жардам болот. Бүгүн аталган сайттын бет ачары өттү. Аны "Сорос - Кыргызстан" фондунун жардамы менен "Журналисттер" коомдук бирикмеси ачты. Ал сайтка кирген окурман азырынча Кыргызстандын баардык аймактарында чыкчу 22 маалымдоо каражатынын, айрыкча гезиттердин макалаларын көрө алат. "Журналисттер" бирикмесинин жетекчиси Марат Токоевдин "Азаттыкка" айтымында, келечекте бул тизме дагы көбөйөт, себеби каалоочулар көп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG