Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:14

Урагандан улам Нью-Йоркто бейтапканалар эвакуацияланды


“Сэнди” ураганынын кесепетинен Нью-Йорктогу дагы бир ооруканадан 500дөй бейтап эвакуацияланды. Суу ташкыны менен коштолгон катуу шамал АКШда 70тей кишинин өмүрүн алып кетти. Кабараларга караганда, суу Манхэттэндеги оорукананын ылдыйкы кабатын каптап, чукул абалдарда колдонулчу генератор керектен чыгып калды. Буга чейин кеминде дагы эки бейтапканадагылар башка жерлерге көчүрүлгөн. Ураган башталган дүйшөмбүдөн бери Нью-Йоркто 20дан ашуун киши каза болду. Суу метрону каптап, катуу шамалдан электрзымдары үзүлүп, бир катар аймактар электрэнергиясыз калды.

Кырсыктан улам БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны башка жерде чогулду.

XS
SM
MD
LG