АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Сирия оппозициясынын жетекчилигинде өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө үндөдү. Клинтон оппозиция бардык сириялыктардын атынан сүйлөөгө, анын жетекчилигинде бозгундагы Сирия Улуттук кеңешинин өкүлдөрү гана эмес, өлкөнүн ичинде президент Башар Асад режимине каршы “күрөшүп, өмүрлөрүн аябаган” сириялыктардын өкүлдөрү болууга тийиш деген Вашингтондун позициясын билдирди.
Хорватиядагы сапары учурунда сүйлөгөн Клинтон исламчыл экстремисттердин козголоңду өз кызыкчылыгында пайдалануу аракеттерине каршы туруу керектигин өзгөчө белгиледи. Анын айтымында, кийинки аптада Катарда өтчү жыйын оппозициянын биригишине жардам берет. Сириядагы кырдаалды Парижде орус жана Франция тышкы иштер министрлери да талкуулашты. Өлкөнүн өзүндө болсо эрегишчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн кармаштары уланууда.