Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

Песков: Путиндин саламаттыгы дурус


Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков президенттин саламаттыгы начарлап, бир нече сапарларынан баш тартты деген маалыматты төгүндөдү. Акыркы кездери Путин Москванын четиндеги резиденциясынан сейрек чыгып калган. Бир катар чет өлкөлүк сапарларынан тышкары эл менен салттуу баарлашуусунан да баш тарткан. Журналисттер Путиндин АТЭС саммитинде бир аз аксап басканына көңүл бурушкан. Песков муну президенттин спорт менен машыгып жүргөн кездеги эски травмасынын козголушу менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG