Кытайдын башкаруудагы Коммунисттик партиясынын жогорку жетекчилери бийлик алмашуу алдындагы акыркы жыйынга чогулушту. Синхуа агенттиги партиянын Борбордук комитетинин мүчөлөрү пленардык сессиясын жабык эшик артында баштаганын кабрлады. Сессия 8-ноябрга белгиленген курултайга чейин уланмакчы. Курултайда президент Ху Цзинтао бийликти жаңы жетекчиликке өткөрүп берет. Анын ордун вице-президент Си Цзинпин ээлейт деп күтүлүүдө. Кытайда жетекчилик 10 жылда бир жолу алмашып турат.