Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

Мурдагы министр АКШдагы абактан чыкты


Украинанын мурдагы премьер-министри Павел Лазаренко бейшемби күнү АКШнын абагынан чыкты. Ал 2004-жылы арам акчаларды мыйзамсыз жолдор менен адалдаштырып, финансылык коз бойомочулук кылган жана күч колдонуп, акча доолаган деп айыпталып, сегиз жылга кесилген.

Экс-премьер-министр эркиндикке чыгары менен мекенине кайтууну каалаганын адвокаттары маалымдашты.

Алардын бири Дэниэл Горовитц Лазаренко абактан чыгар алдында: "Лазаренко Украинаны таштап кеткенге чейин бир нече жолу ага кол салуу аракети болгон. Ал ошол себептен кеткен эле. Ал кайта барса, өлтүрүлөт же кыйноого кабылат деп ойлойбуз”, - деп билдирген эле.

Лазаренко АКШга 1999-жылы саясий баш паанек сурап келгенде камакка алынып, кийин соттолгон. Ал Украин өкмөтүн 1996-97-жылдары жетектеген. Лазаренко мекенинде салык төлөбөгөн, адамдарды өлтүргөнгө катыштыгы бар деп күнөөлөнүп жүрөт.

XS
SM
MD
LG