Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:15

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 20% көбөйдү


Тогуз ай ичинде Кыргызстанга банктар аркылуу сырттан которулган акча дээрлик 1,5 млрд. долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банк төрагасынын орун басары Заир Чокоев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул аралыкта өлкөгө кирген акча 1, 489 млрд. долларды түзсө, сырт жактарга которулган акчанын суммасы 185 млн. доллар болгон. Бул Кыргызстан үчүн жакшы көрсөткүч экенин белгилеген Заир Чокоев ошол эле учурда Кыргызстан товарды сыртка сатуучу эмес, алуучу өлкө катары калып жатканына тынчсызданды. Анын айтымында, экспорттун азайышына быйыл алтын өндүрүшүнүн кыскарганы жана ошондой эле жашылча-жемиштерди сыртка сатуунун азайуусу да таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстанга сырттан которулган акчанын негизги бөлүгүн чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандык мигранттар жиберери айтылып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG