Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Орусияда бала саткан деген шек менен эки аял кармалды


Алардын бири Дагестандагы ооруканада иштеген 60 жаштагы аял, ал эми экинчиси коңшулаш Чеченстандын борбору Грозныйдын 61 жаштагы тургуну. Аялдарга бир жарым жашар кызды 400 миң рублга, ал эми беш күндүк эркек баланы 550 миң рублга саткан деген шек тагылууда. Орусиянын акыйкатчысы Павел Астаховдун кармалган эки аял ата-энелерге алардын балдары тубаса оорукчан деп айтышып, аларды балдарынан баш тартууга мажбурлашкан деген сөзүн акыйкатчынын сайты жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG