Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

Ысык-Көлдө ажырашкандар азайды


Ысык-Көл облусунда соңку айларда ажырашуу азайганы байкалып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустагы жарандык мамилелер актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Наталья Жаманкеева билдирди. Быйыл тогуз айда облус боюнча 124 үй-бүлөгө ажырашуу күбөлүгү берилди. Былтыр ушул эле мезгилге карата ажырашкандардын саны 137 болгон. Жаманкееванын айтымында, ажырашуунун негизги себеби катары жубайлар бири-бири менен келише албай калганын аташат. Ал эми жаңыдан баш кошкондордун саны да көбөйгөнү айтылууда. Тогуз айда 399 үй-бүлөгө нике күбөлүгү тапшырылган. Былтыркыга салыштырганда бул көрсөткүч быйыл 51ге көп.(MK/RK)

XS
SM
MD
LG