Кыргызстанда кыйноолор боюнча баяндама жарыяланды. Анын авторлору - "Эркиндик үнү" укук коргоо уюумунун жетекчиси Сардарбек Багышбеков жана "Көз каранды эмес укуку коргоочу топ" уюмунун башчысы Улукбек Азимов.
Баяндамада кыйноо фактылары дагы эле бар болуп жатканы айтылат. Бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолдору сунушталат жана күч түзүмдөрүнүн ролуна баа берилет.
Кыргызстан кыйноолорго каршы баардык эл аралык документтерге кошулган. Бирок иш жүзүндө алар толук аткарылбай келет. Былтыр өлкөгө келип кеткен Бириккен Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы Хуан Мендес да Кыргызстанда кыйноолор жана мыкаачылык мамиле көп кездешчү көрүнүш экенин айтып кеткен болчу.
Жергиликтүү укук коргоочулардын айтымында, кыйноо учурлары айрыкча милициянын убактылуу кармоочу жайларында көп болот. (RK)