Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Токмокто өрттөн эки адам жабыркады

Чүйдүн Токмок шаарында өрт кырсыгында эки адам жабыркады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. ЗИЛ-130 маркасындагы унаанын тетиктери күйгөн. Кырсыкка электр шаймандары менен иштөөдөгү этиятсыздык себеп болгону айтылууда. 1964-жылы туулган Нарынбек Базаркулов бетинен, колунан, далысынан жана 1954-жылкы Салмоорбек Курманалиев бетинен, чыканагынан 1,2-даражадагы күйүк алган. Бирок экөө тең ооруканага жатуудан баш тартып, өз алдынча дарыланып жатат. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG