Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Беларус: Улуттук Олимпиада комитетинин төрага орун басары дайындалды


Беларустун чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Улуттук Олимпиада комитетинин төрага орун басарлыгына дайындалды. Комитетти болсо президент Александр Лукашенко өзү жетектейт. Игорь Рачковский мурдагы кызматынан жайында швециялык учак Беларустун аба мейкиндигин бузгандан кийин алынган.

Учактан беларустук диссиденттерди колдоо иретинде жумшак оюнчуктар, баракчалар ыргытылган. Окуя эки өлкө ортосундагы мамилелердин начарлашына алып келген.

Өткөн жумада болсо Лукашенко спорт министрин кызматтан кетирген. Президент беларустук спортчулар Лондон олимпиадасында өтө начар жыйынтык көрсөттү деп эсептейт. Беларус командасы 12 медаль жеңген. Лукашенконун айтымында, министр 25 медал алып келүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG