Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

АКШдагы президенттик шайлоого 4 күн калды


Президент Барак Обама жана республикачыл атаандашы Митт Ромни шайлоочуларды ынандыруу үчүн акыркы аракеттерин көрүп жатышат. Талапкерлер бул күндөрдү “арсар” штаттарда өткөрүшөт деп күтүлүүдө.

Сурамжылоолорго караганда, Огайо, Флорида, Колорадо, Айова, Нью-Хемпшир, Висконсин, Виржиния жана Невада штаттарында талапкерлердин бири да жеңиш үчүн керектүү добуштардын көпчүлүгүнө азырынча ээ боло элек.

"Сэнди" ураганынын айынан Обама жана Ромни шайлоо кампаниясын убактылуу токтотуп, кечээ кайра жандандырышты. Бейшембиде Обама Висконис жана Невададагы шайлоочулар менен жолугушту. Ромни болсо Виржиния штатына барды.

XS
SM
MD
LG