Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Роскомнадзор: 1 күндө 5 миңдей арыз түштү


Орусиянын маалымат каражаттары боюнча көзөмөл комитети – Роскомнадзор балдарды терс маалыматтардан коргоо мыйзамы күчкө кирген күнү 5 миңдей даттануу-арыз алганын маалымдады. Мыйзам балдардын саламаттыгына жана психикасына залака тийгизген маалыматтарды камтыган интернет сайттарды “кара тизмеге” киргизүүгө жол ачат.

Роскомнадзор арыздардын жарымындайын чекте какты. Мекеменин басма сөз катчысы билдиргенине караганда, 10 интернет провайдерге мыйзамды бузган сайттар менен байланышуу жана 48 сааттын ичинде порнография же башка терс көрүнүштөрдү камтыган материалдарды алып салуу тапшырмасы берилди.

Орус өкмөтү мыйзам балдарды порнография, маңзат же өз өмүрүн кыйуу өңдүү жат көрүнүштөрдөн коргоону көздөйт деп ырастоодо. Бирок активисттер ал өкмөттү же Кремлди сындаган сайттарды жаап салуу үчүн пайдаланышы мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG