Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

100дөн ашуун дүйнөлүк фирма өзбек пахтасын бойкоттоду


Кийим-кече чыгарган 100дөн ашуун дүйнөлүк фирма Өзбекстан пахтасын бойкоттоодо. Бул тууралуу Калифорнияда жайгашкан эмгек укуктары боюнча уюм маалымдады. Уюмдун директору Патрисия Юревичтин айтымында, Wal-Mart, JCPenney, American Eagle, Zara жана башка белгилүү маркалар Өзбекстанда пахта талааларында балдардын эмгеги колдонулгандыктан бойкотко кошулушту.

Юревич Өзбекстан президентинин тиешелүү буйругуна карабай, 15-18 жаштагы өспүрүмдөр чоң кишилер менен катар пахта терүүгө күч менен тартылып жатат. Жылдардан бери укук коргоочулар өзбек бийлигинин балдарды пахта талааларында иштетүү практикасын сындап келатышат.

XS
SM
MD
LG