Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Алматыда кыргызстандык өспүрүм кыз сексуалдык кулчулукка кабылды


Кыргызстандык кыздарды Казакстанга сексуалдык кулчулукка саткан кылмыштуу жол ашкереленүүдө.

Алматыдагы Кыргызстандын Башкы консулдугу ушундай жол менен алынып кеткен эки кыз куткарылганын кабарларды. Алардын бири 15 жаштагы бойго жете элек өспүрүм кыз.

Учурда кыздар Алматы шаарындагы кризистик борборлордун бирине жайгаштырылды. Энелери ал жакка жөнөгөнү жатат. Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Алматыга алар менен кошо бир кызматкери да жөнөтүлөөрүн “Азаттыкка” маалымдады.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, кулчулукка кабылган кыргызстандыктар саны көбөйүп жатат.

ТИМдин Тышкы миграция департаментинин маалыматында 2009-жылы адам сатуу боюнча 25 иш ачылса, 2010-жылы 13 жана өткөн жылы 9 гана факт катталган. Ал эми былтыр Орусияга, Казакстанга, Эмираттарга жана Түркияга мыйзамсыз жөнөтүлгөн 62 кыргызстандык мекенине кайтарылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG