Жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштерин чагылдыруу үчүн дагы 3 интернет сайты Борбордук шайлоо комиссиясы менен кызматташуу келишимин түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев билдирди. Буга чейин гезиттердин, маалымат агенттиктердин 12 сайтына жана facebook, twitter социалдык тармактарындагы айрым баракчаларга уруксат берилген. Бүгүнкү жыйында stat.kg, comment.kg жана kabarlar.kg сайттары да ал тизмеге кошулду.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 25-ноябрда өтөт. Үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. (AKu)
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 25-ноябрда өтөт. Үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. (AKu)