Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Кара-Сууда дааратканага түшүп кеткен 12 адам куткарылды


Кара-Суу шаарынын борбордук базарындагы коомдук даараткананын асты (полу) түшүп кетип, жоон топ киши даараткананын чуңкуруна кирип кетишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү кызматы 12 кишини куткарып, ооруканага жеткиргендигин, алардын экөөнүн абалы начар болуп жаткандыгын кабарлады. Кырсык болгон учурда дааратканада канча киши болгондугу тактала элек. Чуңкурга түшүп кеткендердин арасында мерт кеткендер да болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Куткаруу иштери үч крандын жардамы менен уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов:

- Бирок астында курмандыктар болуп калышы мүмкүн, азыр Оштогу куткаруучулар иштеп жатышат. Баарын тактап, бетондорун чыгарып, издеп жатышат. Азырынча эч ким так маалымат айта албай жатат. Бирок 5-10 киши өлдү деген туура эмес.

Кара-Суу базарындагы 40 орундуу бул даараткананын имараты 2003-жылы салынып, чуңкурдун үстү цемент менен жабылган. Кара-Суу - Кыргызстандагы экинчи ири базар. (SE/AKu)

XS
SM
MD
LG