Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Абашидзе: Москва менен сүйлөшүүлөр башкача форматта жүргүзүлүш керек


Грузиянын жаңы өкмөт башчысынын Орусиядагы өкүлү Москва менен сүйлөшүүлөр башкача форматта жүргүзүлүүгө тийиш деп билдирди. Зураб Абашидзенин биздин радиого айтымында, коопсуздук, регионалдык маселелер, экономика, соода алакаларын талкуулоо үчүн Москва-Тбилиси сүйлөшүүлөрүнүн жаңы, көз карандысыз форматы керек. Бул форматка Грузиянын жикчил Абхазия жана Түштүк Осетия аймактары боюнча талкуулар да камтылышы мүмкүн. Аны кабыл алып албоо Москвага багынкы болмокчу, - деди Абашидзе. Бирок Тбилисинин Москва менен дипломатиялык мамилелерди дароо калыбына келтирүү пландары жок.

2008-жылдын августунда эки өлкө ортосунда болгон куралдуу жаңжалдан кийин Тбилиси дипалкаларды үзүп салган. Бир айдан кийин Орусия Абхазия менен Түштүк Осетиянын эгемендигин тааныган.

XS
SM
MD
LG