Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

"Сэндиден" жапа чеккен аймактарга күйүүчү май берилет


АКШ президенти Барак Обама "Сэнди" ураганынан жапа чеккен аймактарга 38 миллион галлон дизелдик май жана 45 миллион галлон бензин бөлүп берүү тапшырмасын берди.

Күйүүчү май Коргоо министрлигинин стратегиялык запастарынан алынмакчы. Бир нече күн мурун өлкөнүн түндүк-чыгыш штаттары туш болгон циклон 102 кишинин өмүрүн алып кетти, миллиондогон киши электр жарыгысыз калды.

Ал тапта синоптиктер чөлкөмгө дагы бир катуу ураган жакындап келатканын маалымдашты. Кийинки шейшемби-шаршемби күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөп, жаан жаап, кар түшөт деп күтүлүүдө. Эми бийлик эл жыш жайгашкан райондорду генератор, суу, азык-түлүк, баш паанек менен камсыз кылууга даяр болууга тийиш.

Кечээ Нью-Йорк шаарынын бийлиги салттуу марафондон баш тартууга аргасыз болду. 47 жарым миңдей атлет катыша турган жарыш 43 жылдан бери биринчи жолу үзгүлтүккө учурады.

XS
SM
MD
LG