Пакистандын Бунер чөлкөмүндө жанкечтинин кол салуусунан жергиликтүү тынчтык комитетинин төрагасы Фатех Хан жана кеминде дагы 5 киши өлдү. Жанкечти Хандын машинесинин жанында өзүн өзү жардырып жиберген. Набыт кеткендердин арасында анын эки жан сакчысы жана көчөдө бараткан адамдар бар экени кабарланууда. Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.
Тынчтыкты коргоо комитети деп жергиликтүү уруулардын өкүлдөрүнөн турган атайын кеңештер аталат. Алар согушкерлерге каршы күрөшүүдө өкмөткө жардам беришет. Соңку кездери көбөйүп бараткан бул өңдүү кол салууларды "Талибан" кыймылы ишке ашырууда деп айтылып келет.