Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жана анын "Адилет жана өнүгүү", же АК партиясы бийликке келгендигинин 10 жылдыгын белгилөөдө. Анкаранын четиндеги Кызылжахаман деген жерде партиялаштарына кайрылып, премьер-министр партия түрктөрдүн саясат жөнүндөгү ой-жүгүртүүсүн өзгөртө алды деп билдирди. АК партиясы башкарууга келгенден бери өлкөдө ири саясий жана экономикалык реформалар жүргүзүлдү. Ошол эле маалда Анкара адам укуктарынын абалы, күрт козголоңчулары менен жаңжал үчүн сындалып келди. Секулярдуулукту жактаган айрымдар болсо башатында исламчыл күчтөр турган партиянын ниеттерине тынчсыздануусун билдиришүүдө.