Кыргыз парламентинде бюджет жумалыгы жарыяланды. 2013-жылдын бюджети боюнча долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна бейшембиде келип түштү. Келаткан жумада аны комитеттер жана фракциялар карайт. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоор комитеттерде жана фракцияларда каралып, өттү деп эсептелсе жалпы жыйында талкууланат. Буга чейин депутаттар өкмөткө бюджет долбоору кечиктирилип жатат, ал сентябрь айында эле парламентке келиш керек болчу деген сындарды билдирген.
Өтүп бараткан жылдын бюджет таңкыстыгы жыл башында 16,5 пайыз болот деп болжолдонгон, ал эми тогуз айдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш былтыркыга караганда 4,6 пайызга төмөндөдү. Келерки жылга божомолдор эми долбоор талкууланган учурда белгилүү болот. (AKu)