Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:32

Орусияда сот Кыргызстандан келген 10 унааны ээсинен алып койду


Орусиянын маалымат каражаттары 2-ноябрда жазып чыккандай, Новосибирск райондук соту жергиликтүү тургундардын 10 чет өлкөлүк үлгүдөгү унаасын мамлекетке өткөрүп берди. Алар Кыргызстандан мыйзамсыз алынып өткөн жана Новосибирсктеги тургундарга арзан баада сатылган. Алардын баары жеңил унаалар.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9 айында Сибирдин ыкчам бажы кызматы Кыргызстандан мыйзамдаштырылбай келген 160тан ашык унааны каттаган. (AKu)

XS
SM
MD
LG