Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Бишкекте кант диабетине акысыз текшерүү өтөт


5-ноябрдан 10-ноябрга чейин Бишкекте шаардык эндокринологиялык диспансерде кант диабетине акысыз текшерүү уюштурулат.

Негизи курагы 40 жаштан өткөндөр жылына бир жолу кант диабетине анализ тапшырып туруш керек. Дарыгерлер салмагы оор адамдар, 4 килограммдан ашык салмактагы бала төрөгөн аялдар, курагы өткөндөр, көзүнүн көрүүсү начарлагандар, аллергиянын оор түрү менен ооругандар диабетке текшерилиш керек деп эскертишет. Аталган медициналык мекеме Панфилов жана Токтогул көчөлөрүнун кесилишинде жайгашкан.

Кант диабети дүйнөдө өлүмгө себеп болгон оорулардын 3-катарында турат. Кыргызстанда 30 миңден ашык адам ушул илдетке чалдыккан. Анын оңой пайда болушуна шарт түзгөн факторлордун бири - ашыкча салмак жана аз кыймылдоо. (AKu)

XS
SM
MD
LG