Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

ӨКМ: Кара-Суудагы издөө иштери аяктады


Кара-Суу базарындагы коомдук дааратканада 3-ноябрь, түштөн кийин болгон окуядан бери издөө иштери жүрүп жаткан. Ал бүгүн түшкү саат 12лер чамасында токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, дааратканын чуңкуру бүт текшерилип, адам калбаганы аныкталды. Буга чейин 4 адамдын сөөгү алынып чыккан.

Министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов жергиликтүү бийлик жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтарга даараткананы тазалап, жабуу милдети тапшырылганын кабарлады.

3-ноябрда Кара-Суудагы базардын дааратканасынын түбү түшүп кетип, ичине бир нече адам кирип кеткен. Анын 12си куткарылып, алтоо ооруканага жеткирилген. Алардын арасында 6 жаштагы бала да бар. (SE/AKu)

XS
SM
MD
LG