Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:18

Кара-Суудагы коомдук жайлардын коопсуздугу текшерилет

Мындай тапшырманы бүгүн Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы кырсык болгон жерге барган вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев облустун бийлигине берди. Алар кийинки жумадан тарта бул ишке киришиш керек. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдиргендей, Кара-Суудагы базар убактылуу жабылды.

3-ноябрда базардагы коомдук даараткананын асты кулап, бир нече адам түшүп кеткен. Куткарылып ооруканада жаткан 5 адамдын абалы туруктуу экени айтылууда. Өткөн түнү бул жерден төрт адамдын сөөгү алынып чыккан. Ичине түшүп кеткендерди куткаруу үчүн даараткана толугу менен бузулду. (SE)
XS
SM
MD
LG