Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:04

Бүгүн копт христиандарынын жаңы көсөмү тандалат


Египеттеги копт христиандары өздөрүнүн жаңы лидеринин ысмын бүгүн угушат. Көсөмдүккө аттанган үч талапкердин аттары жазылган кагаздардын бирин күркөдөн көзү байланган бала сууруп чыгышы керек. Копттор “ал балага Кудай өзү жол көрсөтөт” деп ишенишет. Окуя Каирдеги ыйык Марк чиркөөсүндө өтүүдө.

Алардын буга чейинки лидери Шенуда-III быйыл мартта 88 жашында көз жумган. Эми анын мураскери катары ким тандалбасын, ал киши 83 млн. калктуу Египетте элдин 10%тин түзгөн копттордун руханий лидери болуп калмакчы.

Аналитиктердин айтымында, египеттик копттор бул өлкөдө жакында президенттикке исламчыл Мухаммад Мурси шайланганынан чочулап турушат.

XS
SM
MD
LG