Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Египеттеги копт христиандарынын жаңы лидери тандалды


Египеттеги копт православ чиркөөсү бүгүн епископ Тавадросту өзүнүн жаңы лидери деп жарыялады. Көсөмдүккө аттанган үч талапкердин аттары жазылган кагаздардын ичинен 60 жаштагы диниятчынын ысмы менен баракчаны күркөдөн көзү байланган бала сууруп чыккан. Копттор “ал балага Кудай өзү жол көрсөтөт” деп ишенишет.

Буга чейин чиркөөнү 40 жылга жакын башкарган Шенуда-III быйыл мартта 88 жашында көз жумган эле. Копттор Жакынкы Чыгыштагы эң чоң христиан сектасы катары белгилүү жана Египеттеги 83 млн.элдин 10%тин түзөт.

Египеттик копттор көптөн бери мусулмандар басымдуулук кылган мамлекетте дискриминацияга кабылышаарын айтып келишет. Жакында бул өлкөдө президенттикке исламчыл Мухаммад Мурси шайлангандан бери камтамачылык дагы артканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG