Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Пакистандагы жардырууда Тынчтык комитетинин башчысы мерт болду


Түндүк-батыштагы Бунер районунда болгон чабуулда аны менен кошо беш адам өлгөн. Фатех Хандын машинеси жолдо баратканда жанкечти өзүн жардырып жиберген экен. Анын үч жансакчысы жана ошол маалда жолдо бараткан эки адам да өлгөнү айтылууда. Чабуулду ким жасаганы азырынча белгисиз. Бирок Тынчтык комитети деп атап коюшкан бул уруу башчыларына Пакистанда "өкмөттүн талиптерге каршы операцияларына жардам бергени үчүн" жикчилер көп эле кол салышат.

XS
SM
MD
LG