Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Орусияда улутчулдар “орус маршына” чыгышууда


Өлкөнүн көптөгөн шаарларында бүгүн “Элдик биримдик күнүнө” карата улутчулдардын марштары өтүп жатат. Москвада болсо жөө жүрүш алгачкы жолу шаардын борборунда өткөрүлдү. Көпчүлүк шаарларда бул акцияларга бийликтер уруксат беришкен. Ал эми Екатеринбургда уруксат берилбеген митингге чогулган 90го жакын адамды кармап кетишти. Мындай окуя Новокузнецк шаарында да болгону айтылууда.

Ушул эле күнү өлкөдө башка саясий акциялар да өтүп жатат. “Бирдиктүү Орусия” партиясы жергиликтүү бийликтер менен кошо бир топ жерлерде майрамдык иш-чараларды уюштурган.

XS
SM
MD
LG