Бабур атындагы Ош академиялык өзбек драма театрынын быйылкы 94-сезону Султан Раевдин “Канышанын көз жашы” драмасы менен ачылат. Ошондой эле театрдын күзгү репертуарында “Лейли менен Мажнун”, “Жарыктык карылар”, “Жүрөктөрдү уулантпайлы”, “Мекеге карай жол”, “Тозок” жана “Муножат” деген спектаклдер коюлат. Мындан тышкары театрдын артисттери тарабынан “Поэзия жана обон” деген аталыштагы концерттик программа даярдалууда, бул программа менен концерттик топ Кыргызстандын түштүгүн кыдырууну көздөөдө.
Жаңы жыл алдында жаш балдарга арналган жомок тартууланат деп билдирет театрдын жетекчилиги. (ZKo)
Жаңы жыл алдында жаш балдарга арналган жомок тартууланат деп билдирет театрдын жетекчилиги. (ZKo)