Бийликтердин айтымында, жекшембиде өлкөнүн күрддөр көбүрөөк отурукташкан түштүк-чыгышында дүрмөттөлгөн машине жарылып кеткен. Бир адам өлүп, 12 киши жаракат алды. Жарылуу Ирак жана Иранга жакын Хаккари провинциясында полициянын машинеси жолдо бараткан учурда болду. Бул аймакта соңку айларда түрк коопсуздук күчтөрү менен Күрдстан Эмгекчилер партиясынын (ПКК) козголоңчулар тобу ортосундагы айыгышкан кагылыштары көп болгон. 1984-жылы региондо ПКК курал көтөрүп, көз карандысыздык үчүн күрөшүн баштагандан бери 40 миңден ашуун адам өлдү.