Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:46

Аскар Акаев эл аралык сыйлык алды


Улуу орус илимпозу Н. Кондратьевдин алтын медалы менен “Коомдук илимди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев сыйланды. Ал эми күмүш медаль менен Лондон экономика мектебинин профессору Перес-Карлота, коло медаль менен Вашингтон университетинин профессору Модельски Жорж сыйланышты.

Н. Кондратьев атындагы эл аралык илимий сынак алтынчы жолу өткөрүлүп жатат. Аскар Акаев бул сынакта “Шумпетер-Кондратьевдин экономикалык өнүгүүсүнүн классикалык теориясынын математикалык негиздери” деген лекциясы менен жеңишке жетишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG