Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Журналисттин уурдалышы боюнча кылмыш иш козголду


Коомдук телеканалдын алып баруучусу Назира Айтбекованын уурдалышы боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу "Азаттыкка" ички иштер министрлигинен кабарлашты. Иш факт боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын тергөө бөлүмү тарабынан козголду. Кылмыш кодексинин бейбаштык жана уурдоо жөнүндөгү беренелери боюнча. Азырынча эч ким кармала элек.

Өткөн аптада журналист айым аны "Супер-инфо" гезитинин кызматкерлери уурдап кетип кордогонун маалымат жыйынында айткан. Гезит бул жөн гана тамаша болчу деп билдирген. Бирок ошого тиешеси бар эки кызматкерин иштен бошотконун жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG