Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:21

Жалал-Абад шайлоого камданууда


Жалал-Абад шаардык кеңешине шайлоого карата шайлоочулардын тизмеси такталууда. Алдын ала түзүлгөн тизме боюнча 25-ноябрдагы шайлоого 31 900 жаран катышмакчы. Шаарда жашаганы менен паспорту боюнча облустун башка район-шаарларында катталган жарандар тизмеге кирбей калууда. Жалал-Абаддын шаардык кеңешинин депутаттыгына он партиядан адегенде 549 адам талапкер болуп көрсөтүлгөн, бирок 67 кишинин документи туура эмес чыгып, алар талапкерликке катталган эмес. Калган 481 талапкердин үчөө бүгүн ат салышуудан баш тартаарын
билдиргенин Жалал-Абад шаардык шайлоо комиссиясы 5-ноябрда
ырастады. Шаар кеңешке 25 шайлоо участогунан 31 депутат шайланат (YA/RK)

XS
SM
MD
LG