Оштун Кара-Суу районунун прокуратурасы ажатканадагы кырсык боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук прокурордун орун басары Медетбек Кадыров кабарлады. Кылмыш иш райондук архитектура башкармалыгына, курулуш ишканасына жана ажаткананы иштетип жаткан Муса Апышев аттуу жаранга карата козголду. Соңку маалыматтар боюнча, 3-ноябрда Кара-Суу шаарында асты бузулуп кеткен туалетке түшүп, 4 адам мерт болгон, 12 адам жараат алган. Алтоо ооруканада, биринин абалы оор, ал реанимацияда. (SE/RK)