Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Сот такфир-жихад кыймылына тыюу салды


Кыргызстанда салафи багытындагы такфир-жихад кыймылына тыюу салды. Мындай чечим 24-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынганын бүгүн “Азаттыкка” Дин иштери боюнча комиссиядан кабарлашты. Сот Баш прокуратуранын талабын толугу бойдон канааттандырып ушундай чечим чыгарды.

Баш прокуратура мусулман дининин салафи багытына караштуу такфир-жихад кыймылы Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деген пикирде. Себеби аталган кыймылдын мүчөлөрү алардын пикирине каршы чыгып, макул болбогондорго карата күч колдонуп, террордук иш-аракеттерге барууга даяр диний экстремисттик идеологияны тутунат деген пикир бар экени айтылууда.

Ошентип салафи багыттын такфир-жихад кыймылы жана бул багытты карманган деп эсептелген “Жайшул Махди”, “Жунд ал-Халифат”, “Ансарул Алла” жана “Ат-Такфир вал-Хижра” уюмдары террорчул жана экстремисттик деп аталды. Кыргызстанда алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Биринчи Май райондук сотунун бул чечимине карата доо арыз менен 24-ноябрга чейин кайрылса болот.

"Жайшул-Махди" уюмунун мүчөсү делген бир нече кишиге 2010-жылы Бишкектеги спорт сарайдын жанында теракт уюштурган, АКШ жаранын тоногон, Бишкек милициясынын имаратынын жанында жардыруу даярдаган, Октябр райондук милициясынын үч кызматкерин өлтүргөн деген айып тагылган. Азыр алар УКМКнын тергөө абагында камакта жатат.(ZB/RK)

XS
SM
MD
LG