Бишкек шаарынын жылуулук берүүчү борборунан камсыздалган үй, мекемелердин баарына жылуулук тарады. Бул тууралуу бүгүн шаар мэри Иса Өмүркулов билдирди. Карызы көптөргө гана жылуулук бериле элек. Суукка карата шаардагы 60 мештин баары тең даяр, мазут, көмүрү да жетиштүү экени айтылды. Быйыл шаардыктарга жылуулукту 1-ноябрдан тарта берүү чечими кабыл алынган. Алгач оорукана, бала бакча, мектеп жана башка социалдык мекемелерге берилди. (RK)