Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Каирде Сирия кризисин жөнгө салуу жолдорун талкуулады. Министр Араб Лигасынын төрагасы Набил Элараби жана Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахими менен жолугушту. Ажанс Франс Пресстин маалыматына ылайык, Лавров "Сириядагы жаатташкан тараптарды ок атышууну токтотууга жана сүйлөшүүлөр үстөлүнө отурууга" көндүрүү зарылдыгын белгиледи. Араб өлкөлөрү Москва Сирия президенти Башар Асадды колдойт деп сындап келишет. Каирдеги жолугушуулар менен катар Сирия маселеси Катарда да талкууланып жатат. Ал жерде Сирия оппозициясынын өкүлдөрү чогулушту.