Бүгүн - АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. Сурамжылоолор буга чейинкидей эле президент Барак Обама жана анын республикачыл атаандашы Митт Ромнинин теңме-тең баратышканын көргөзүүдө. Соңку маалыматтарга караганда, Обама “арсар” штаттарда бир аз озуп чыкты. Ал штаттардын добуштары Ак үйдүн жаңы кожоюнун шайлоодо чечүүчү болот деп күтүлүүдө. Кошмо Штаттарда президентти бардык элдер эмес, шайлоочулар коллегиясы шайлайт. Алар Конгресстеги өкүлдөрүнүн санына жараша куралат. Кечээ Обама Нью-Хемпшир штатында болуп, реалдуу өзгөрүүлөрдү жасоого аракеттенээрине ишендирди. Ромни Огайо штатындагы шайлоочуларга азыркы президент бийликте турган кезде өзүн анча көргөзө алган жок жана экинчи мөөнөткө татыбайт деп кайрылды.