Таластык мал доктурларга Дүйнөлүк банк 53 миң долларлык жардам тапшырды. 66 жеке ветеринарга Дүйнөлүк банктын “Айыл чарбасын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында атайын жабдуу жана ар бирине эки камералуу муздаткыч бекер таратылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Талас аймактык ветеринардык башкармалыгынын башчысы Айдарбек Жорбеков билдирди. Ветеринардык жабдуунун ар биринин баасы 808 доллар. (MbA/RK)