Өзбекстандын Сурхондория облусунда 3 аял кошуна Тажикстандын пайдасына тыңчылык кылгандыгы үчүн соттолду. Дүйшөмбү күнү маалымдалгандай, алар 14 жана 15 жылга абакка кесилди. Тергөөчүлөрдун айтымында, 2 аял Өзбекстан жарандары, үчүнчүсү – Тажикстанда туулган жарандыгы жок аял. Алар Тажикстандын атайын кызматтарын Өзбекстандын аскердик жана күч органдарынын имараттары тууралуу маалымат менен камсыз кылып, ал үчүн акча алып турушчу. Мындан башка маалымат бериле элек.
Дүйшөмбү менен Ташкент суу жана энергия ресурстары, транзит жолдорунун айынан талашып келатышат. Өзбекстан коңшусунун Рогун гидроэлектростанциясын куруу пландарына ачыктан ачык каршы болууда. Расмий Ташкент бул долбоор ишке ашса, Өзбекстан суусуз калат деп ырастоодо. Өзбекстан ошондой эле газ, электрэнергиясын берүүнү токтотуп, эки өлкө ортосундагы транспорт байланыштарын үзүп салган.