Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

УКМК: 11-ноябрда ыңкылап болот деген тасма иликтене баштады


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн Интернетте тараган тасманы иликтей баштады. Анда ашканада чай үстүндө Айсулуу аттуу аял менен сүйлөшүп отургандардын сөзү жашыруун жазылып алынган. Видеого кошо тиркелген маалыматта ал 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноочулук жөнүндө буга чейин интервью, пресс-конференция берген Айсулуу Дүйшөнкулова деген аял экени айтылат.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Камчыбек Ташиев, мурдагы премьер Өмүрбек Бабанов, криминалдык лөктөр Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана тергөө абагында жаткан Абдулла Юсупов менен байланышы бар экенин айтууда.

2010-жылдагы талап-тоноодо байлык топтогонун, эми 11-ноябрда да ыңкылап болуп, кан төгүлөөрүн, анда да бир топ жерди тонош керек экенин айтат.

Журналисттерге интервьюсунда бул аял талап-тоноого "Ата-Мекен" партиясынын лидерлеринин тиешеси бар экенин айткан. Бирок бүгүн тараган видеотасмада ал башка бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарып келатканын билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG