Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

Бишкектеги тоноолор боюнча кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнүн башчысы Самат Курманкулов 5-ноябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, “Дордой” базарында акча алмаштыруучу жайлардын кардарларын тоноо менен шугулданган топ кармалган. Самат Курманкулов ошондой эле эки күн мурун “Дордой” базарына келген соодагерлерди жана тегеректе жашаган элди тоноп жүргөн дагы бир топ кармалганын кошумчалады.

Өткөн жумада Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайдан чыккан ишкерди артынан аңдып барып, тоноого аракет кылган кылмыштуу топ кармалган. Текшерүү учурунда алар Улуттук олимпиадалык резерв окуу жайынын жана Юридикалык академиянын студенттери болуп чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG