Ооган өкмөтү Брюсселде жайгашкан Эл аралык кризис тобуна каршы чара көрүүнү караштырууда. Президент Хамид Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Фаизи уюмдун Ооганстандагы аракеттери “саясий боёкко боёлгон” жана азыркы өкмөткө каршы багытталган деп айыптады.
Өткөн аптада Кризис тобу Карзай узак мөөнөттүү стабилдүүлүк орнотуу эмес, өз бийлигин сактап калууну көбүрөөк ойлойт деп сындаган отчетун чыгарган. Баяндамада НАТО аскерлери 2014-жылы кеткенден кийин Ооган мамлекети ойрон болуп, жарандык согуш башталышы мүмкүн деп айтылган. Уюмдун өкүлү Эндрю Штрохлайн биздин радиого маалымдагандай, бул маселе боюнча Ооган өкмөтүнөн аларга эч кандай расмий кат түшкөн эмес.