Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

МАГАТЭ Иранды сындады


Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Юкио Амано дүйшөмбүдө Башкы Ассамблеяда билдиргендей, Тегерандан ядролук программасы боюнча көбүрөөк маалымат алуу аракетинен майнап чыкпай жатат.

Амано былтыр ноябрда агенттиктин докладында “Иран ядролук курал даярдап жаткан болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматы бар экенин айткандан тарта Тегеран менен сүйлөшүүлөр күчөгөнүн” кошумчалады, бирок андан ары Тегеран кызматташуудан оолактай баштаган.

Иран өзүнүн ядролук программасы жайчылык максатты гана көздөп, энергия алууга гана багытталганын айтып келет. Бирок Батыштагы бир топ мамлекеттер ал атомдук курал жасап жатат деп тынчсызданууда.

XS
SM
MD
LG